Akchabarsearch
Жыл башынан бери 17 тонна гүл экспорттолду

Жарыяланган

2026-06-03, 10:54

Жыл башынан бери 17 тонна гүл экспорттолду

Кыргызстанда өстүрүлгөн гүлдөр ички рыноктон сырткары чет өлкөлөрдө дагы сатылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, гүлдөргө айрыкча жакынкы мамлекеттерден суроо-талап жогору.

Кыргызстандан гүл негизинен Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Арменияга жана башка өлкөлөргө сатылат.

Жыл сайын гүлдүн экспорту көбөйүп жатат. Тактап айтканда, 2024-жылдын жыйынтыгы менен чет өлкөлөргө 13 миллион 49 миң 405 даана гүл жөнөтүлгөн. Ал эми 2025-жылы экспорт көлөмү дагы көбөйүп, 24 миллион 99 миң 696 даана гүлдү түзгөн.

Быйылкы жылдын алгачкы эки айында эле Кыргызстандан 17 тонна, башкача айтканда 213 миң 745 даана гүл экспорттолду. Экспорттолгон гүлдөрдүн негизги бөлүгүн Өзбекстан сатып алып, бул өлкө кыргыз гүлдөрүнүн башкы импорттоочуларынын бири болуп калды.

Адистердин айтымында, өлкөдө гүл өстүрүү тармагы акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатат.


Тектеш материалды окуу