
Жарыяланган
2026-30-10, 10:41Ысык-Көл облусундагы «Жыргалаң» санаторийинин кызматкерлеринин айлыгы жыл аягына чейин жогорулатылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев санаторийдин жамааты менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, айлык акыны көтөрүү тапшырмасын президент Садыр Жапаров берген. Келерки жылы кызматкерлердин маянасын дагы жогорулатуу пландалууда.
Буга чейин санаторий Кесиптик бирликтер федерациясынын карамагында болуп, талаптагыдай иштебей келген. Айрым кызматкерлер айына болгону 5 миң сом айлык алып жүрүшкөн.
Санаторий президенттин Иш башкармалыгына өткөндөн кийин оңдоп-түзөө иштери башталып, эс алуучулар үчүн шарттар жакшыртылууда.
Учурда санаторийде үч кабаттуу жаңы мончо комплекси курулууда. Анын аянты 2 миң 872.9 чарчы метрди түзөт. Комплексте дарылоочу ванналар, массаж бөлмөлөрү, SPA-аймактар, мончолор жана эс алуу жайлары болот.
Жаңы комплексти ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

