
Жарыяланган
2026-18-03, 14:19Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин жактырды.
Анын талапкерлигин 73 депутат колдоду.
Бакетаевдин талапкерлигин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети жактырган.
Буга чейин бул кызматты Мелис Турганбаев аркалап келген.



