Akchabarsearch
“Тиллабай” ЖЧКсынын лицензиялары токтотулду

Жарыяланган

2026-30-03, 13:49

“Тиллабай” ЖЧКсынын лицензиялары токтотулду

“Тиллабай” ЖЧКнын лицензиялары Улуттук банк тарабынан кайтарылып алынды. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Мыйзамдарды бузгандыгы үчүн, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 27-марттагы токтому менен «Тиллабай» ЖЧКсынын төмөнкү лицензиялары 30-марттан тартып кайтарылып алынды:

  • Төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү кызматын көрсөтүүгө берилген; 
  • Финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө берилген.

Бул чара ЖЧКнын мыйзамдарды бузганы үчүн кабыл алынган жана ал төлөм жана процессинг кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жоготту.


Тектеш материалды окуу