
Жарыяланган
2026-19-03, 17:05Бишкек шаарында Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн жарандарга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Э.Ө, Р.Р. жана Т.А. аттуу жарандардын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул чегерилди.
Тиешелүү чаралар Улуттук банктын талаптарын бузуу фактысы боюнча көрүлгөнү билдирилди.



