
Жарыяланган
2026-13-03, 11:16Бишкектеги эки акча алмаштыруучу жайынын лицензиялары токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан “Престиж Мани А” жана “Камчы капитал” акча алмаштыруучу жайы мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген.
“Престиж Мани А” жайынын лицензиясы 17-мартка чейин, ал эми “Камчы капитал” жайыныкы 22-мартка чейин токтотулду.



