
Жарыяланган
2026-17-02, 10:14Жалал-Абадда эки акча алмаштыруучу жайына айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген. Ар бир жайга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Акча алмаштыруучу жайдын аталыштары көрсөтүлгөн эмес.



