Akchabarsearch
Улуттук банк Бишкектеги «Асман кэш»  акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту

Жарыяланган

2025-19-12, 14:26

Улуттук банк Бишкектеги «Асман кэш» акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту

Улуттук банк Бишкек шаарында жайгашкан «Асман кэш» акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шопоков көчөсү, 91 дарегинде, «Жаңы ЦУМ» соода борборунда иш алып барган акча алмаштыруучу жай өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгына байланыштуу 19-декабрдан 28-декабрга чейин лицензиясы токтотулду.

Мындан тышкары, аталган банк 18-декабрда Талас облусундагы бир акча алмаштыруучу жайга мыйзам бузганы үчүн 55 миң сом айып пул салган. Ал эми 17-декабрда Бишкек шаарындагы «Дирхам КТК» акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын 31-декабрга чейин токтоткон.

 


Тектеш материалды окуу