
Жарыяланган
2026-11-03, 14:34Бишкектеги эки жана Канттагы бир акча алмаштыруу жайларына айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген.
Алардын ар бирине 55миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.



