Akchabarsearch
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун биринчи этабы башталды
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-23-12, 11:35

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун биринчи этабы башталды

Бүгүн ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун биринчи этабы башталды. Билим берүү жана илим министрлиги эске слагандай, ал 28-декабрга чейин уланат.

Бул мезгилде абитуриенттер каттоодон өтүшөт, андан кийин окууга сунушталгандардын тизмеси илинет жана болочок студенттер университетте окууну каалагандыгын ырасташы керек.

Ушундай эле процедуралар менен экинчи тур 13-18-январь аралыгында, үчүнчүсү 20-25-январь, төртүнчүсү 27-январдан 1-февралга чейин өтөт.

Эске салсак, абитуриенттерди кышкы кабыл алуу келишимдик негизде гана окууга жүргүзүлөт.


Тектеш материалды окуу