Akchabarsearch
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун экинчи туру 13-январда башталат
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2025-10-01, 10:42

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун экинчи туру 13-январда башталат

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун экинчи туру 13-январда башталат. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, ал 18-январга чейин уланат.

Бул мезгилде абитуриенттер каттоодон өтүшөт, андан кийин окууга сунушталгандардын тизмеси илинет жана болочок студенттер университетте окууну каалагандыгын ырасташы керек.

Ушундай эле процедуралар менен үчүнчү тур 20-25-январь аралыгында, төртүнчүсү 27-январдан 1-февралга чейин болот.

Абитуриенттерди кышкы кабыл алуу келишимдик негизде гана окууга жүргүзүлөт.


Тектеш материалды окуу