
Жарыяланган
2026-20-02, 17:16Өзүн ИИМ кызматкери катары тааныштырган Ч.Р. аттуу жаран пара талап кылганга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал ИИМдин жетекчилиги менен байланышы бар экенин айтып, Ж.А. аттуу жарандын ишенимине кирип, алдоо жолу менен андан 500 доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алгандыгы аныкталган.
Ч.Р. Ж.А.ны коркутуп, Свердлов РИИБинин тергөөчүлөрү жакын арада ага карата эркинен ажыратуу чарасын колдонууну көздөп жатканын билдирген. Ошол эле учурда ал тергөөнүн позициясына таасир эте ала турганын жана маселени жөнгө салууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, бул үчүн кошумча 2 миң доллар талап кылган.
Ал 45 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
Учурда Ч.Р. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



