
Жарыяланган
2026-23-03, 16:29Аравандын Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. тарабынан мыйзамсыз жүргүзүлүп келген ишмердүүлүк аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жарандар Ош облусунун Араван районундагы Жар-Кыштак айылында тиешелүү уруксат кагаздарын албай жана мамлекеттик бюджетке салык төлөбөстөн, көмүскө кумар ойноочу жай уюштурушкан.
Мыйзамсыз оюн жайы жайгашкан дарек боюнча жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө интернет-казинолорго кирүү үчүн колдонулган 11 даана компьютер, 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты жана кумар оюндарын уюштурууда пайдаланылган башка буюмдар табылып алынды.
Топтолгон материалдардын негизинде Х.Ш. жана С.Ш. Кылмыш-жаза кодексинин “кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу” боюнча айыпталып, 19-мартта Ош шаардык сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.



