
Жарыяланган
2026-04-03, 16:05Депутат Ырысбек Атажанов жол эрежесин бузбагандарды МАИ кызматкерлери токтотпой турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Ал учурда реформалар болуп жатканын белгиледи.
“Азыр МАИ кызматкерлерине акча берсең, акчаны албай качып кетишет. Анткени боди-камерасы бар. Азыркы учурда андай элементтер толук эмес. Ички иштер министрлигинде бир топ реформалар жана өзгөрүүлөр жүрүп, айлык маяналар көтөрүлүп жатат,” — деди депутат.



