Akchabarsearch
Улуттук банк Кыргызстанда басылган 20 жана 50 сомдук жаңы банкнотторду жүгүртүүгө чыгарды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-27-10, 17:26

Улуттук банк Кыргызстанда басылган 20 жана 50 сомдук жаңы банкнотторду жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн, 27-октябрдан тарта Кыргызстанда 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды. Бул акчалар биринчи жолу өлкөнүн өзүндө басылып чыкты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Жаңы банкнотторду «Борбордук Азия корголгон басма борбору» ЖЧКсы даярдаган.

Жаңы акчалардын сырткы көрүнүшү, түсү жана өлчөмү өзгөргөн жок. Алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын сүрөттөрү, арткы бетинде тарыхый жана маданий жайлар чагылдырылган.

Бирок акчаларды жасалмалоодон коргоо үчүн заманбап коргоо белгилери колдонулган.

Жаңы банкноттордо жети негизги коргоо белгиси бар:

1. Суу белгиси: көп тоналдуу портрет жана номинал түрүндө электротип.
2. Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо үзгүлтүксүз болуп көрүнөт, анда номиналдын саны жана Улуттук банктын ромб түрүндө логотиби камтылган.
3. Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.
4. Сүрөттөрдүн рельефтүүлүгү: портрет, жазуулар, банкноттун сан жана тамга номиналы.
5. Көмүскө сүрөттөлүш: банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси - С көп түстө көрүнөт.
6. Жалтырак түс (арткы бетинде): банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө.
7. Микротекст, микросүрөттөлүштө флора жана фауна сүрөттөрү жазуу түрүндө берилген.

Улуттук банк буга чейин чыгарылган 20 жана 50 сомдук акчалар да күчүндө каларын белгиледи.

Өлкөдө чыгарылган жылына карабастан, бардык сом банкноттору мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Аларды дүкөндөрдө жана башка соода, кызмат көрсөтүү жайларында төлөм катары кабыл алуу милдеттүү.


Тектеш материалды окуу