
Жарыяланган
2026-18-05, 13:44Токмок шаарынын ишкерлеринен системалуу түрдө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын опузалап талап кылуу боюнча мыйзамсыз схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 1989-жылы туулган жеке жактоочу Ц.Д.В. белгисиз адамдардын жардамы менен Токмок шаарында ар кандай имараттарды жана объектилерди куруп жаткан ишкерлерге кысым көрсөтүп келген.
Тактап айтканда, ишкерлерге ИИМ, прокуратура, УКМК, экология кызматтары, мэрия жана башка органдар тарабынан текшерүүлөр уюштурулары тууралуу коркутуулар айтылып, ошондой эле социалдык тармактарда жалган маалыматтар таратылары эскертилген.
15-майда “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 миң доллар алып жаткан жеринен шектүү кармалган.
Учурда Ц.Д.В. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.



