
Жарыяланган
2026-18-03, 11:52Депутат Табылды Муратбеков Жогорку Кеңештин жыйынында мечиттер үчүн электр энергиянын баасын кымбаттатпоону суранды.
Муратбековдун айтымында, ага Ысык-Көлдүн Түп районунун тургундары кайрылып, Энергетика министрлиги мечиттерге электр энергия үчүн коммерциялык тариф коюуну пландап жатканын айтышкан.
Мындан улам депутат айыл жергесиндеги мечиттерге, айрыкча кышында электр энергия үчүн коммерциялык тариф менен төлөө кыйын болуп каларын айтты.
Муратбеков мечиттер үчүн баа азыркыдай эле калганы туура болорун белгиледи.



