
Жарыяланган
2026-16-03, 11:03Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Салтанат Аманова жогорку окуу жайлардагы жатакана маселесин көтөрүп, тиешелүү мекемелерден лицензия берүү тартибин кайра карап чыгууну талап кылды.
Анын айтымында, университеттер лицензия алууда студенттерди жатакана менен камсыз кылуу маселеси толук каралган-каралбаганы так текшерилиши керек. Депутат студенттердин көбү батир акысын төлөй албай кыйналып жатканын билдирди.
Ошондой эле ал студенттердин көбү окуу менен катар иштөөгө аргасыз болуп жатканын белгилеп, мындай шартта алардын окуусуна терс таасир тийиши мүмкүн экенин айтты. Айрым студенттер ресторандарда иштеп, аз айлыкка иштеп жатышканын кошумчалады.
Депутат студенттердин коопсуздугу жана билим алуусу үчүн жатакана маселесин чечүү боюнча бирдиктүү система керек экенин белгиледи.



