Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

05.12.2019, 05:07

2019-жылдын акыркы 11 айында кыргы авто жүк ташуучулар тарабынан 151 миң 953 рейс катталып, 2 млн 266 миң 362 тонна жүк ташылып өткөн. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда өткөн маалымат жыйында Транспорт жана жол министрлигинин өкүлү Талант Нанаев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын 11 айында авто жүк ташуучулар аркылуу 115 миң 128 рейс катталып, 1 млн 517 миң 718 тонна жүк ташылган.

«Жүк ташуунун көлөмү, өткөн жылга салыштырмалуу 49% (748 миң 644 тонна) өскөн. Бүгүнкү күндө оор жүк ташыган 246 компания катталган», - деп айтты.

2019-жылдын акыркы 11 айында чет элдик оор жүк ташуучулар тарабынан 45 миң 253 рейс катталып, 743 миң 565 тонна жүк ташылган.

2019-жылы үч эл аралык Бишкек-Ташкент, Ош-Андижан жана Кызыл-Кыя – Фергана билдирүүсү ачылган.

«Жакында эле Кытай менен Кыргызстан ортосундагы автобустук билдирүү ачылды », - деп кошумчалады.


Читать похожее

  • 29.05.2024, 01:00:02
  • 04.04.2024, 23:52:37
  • 05.01.2020, 21:32:39
  • 04.12.2019, 23:07:24