akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    18.09.2020, 09:45

    КР Мамлекеттик чек ара кызматы 2020-жылдын 8 айында аткарылган иш жөнүндө маалымат берди.

    [news 28120]

    Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 8 ай ичинде 240 адам мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган факт аныкталган.

    Үстүбүздөгү жылдын январь-август айында чек арачылар 4 даана курал-жарак жана 80ден ашуун ок-дары, ошондой эле кызмат өтөө учурунда курал-жарак катылган жай табышкан. Бул убакыт аралыгында жалпы суммасы 40 млн сомдон ашуун болгон аткезчилик жүктүн алынып өтүшүнө бөгөт коюлган.

    «Сегиз ай ичинде 5 390 000ден ашык адам жана 501 миңден ашуун автотранспорт каражаты көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өткөн. Туура эмес документтери менен 1 082 адам кармалган. Алсак, «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл жайынан Кыргызстандан чыгып бара жатканда Казакстан Республикасынын эки жараны туура эмес документтери менен кармалышкан. Дыкат текшерүүдөн өткөрүү учурунда алардын жанынан 3 миллион сомдон ашуун акча каражаты табылып, алар кайдан алынганын түшүндүрүп бере алышкан эмес», - деп айтылат маалыматта.

    Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде Баткен чек ара отрядынын чек арачылары Кызыл-Кыяк капчыгайында Кыргызстандан Өзбекстанга 13 тоннадан ашык цементти өткөрүү жайынан тышкары жерден мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган, ошону менен бирге чек ара кезметине каршылык көрсөткөн Кыргызстандын жаранын кармашкан.


    Читать похожее

    • 17.07.2024, 21:27:01
    • 16.05.2024, 01:51:48
    • 30.04.2024, 03:44:40
    • 08.04.2024, 22:23:14