Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

08.07.2024, 09:22

4-июлга карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында 8 миң 279 дыйкан жана фермерлерге 3 млрд 277 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, берилген насыялардын ичинен “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 2 917,27 млн сом суммасында 7 миң 159 субъект алган. Ал эми “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 360,65 млн сом суммасында 1 миң 120 субъект насыя алган.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтары катышууда, аларды насыялоонун көлөмү 5 млрд сомду түзөт.


Читать похожее

  • 21.08.2024, 21:50:11
  • 20.08.2024, 22:46:10
  • 20.08.2024, 03:20:02
  • 19.08.2024, 23:35:09