Опубликовано
25.12.2023, 10:02Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгиленгендей, Айыл чарба министри башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызмат ордунан бошотулду.
Эске салсак, ал министрлик кызматта 2021-жылдын февраль айынан бери иштеп келген.