akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    18.07.2024, 07:45

    2024-жылдын алты айында “Кепилдик фонд” ААКсы 1 млрд 465 млн сомго 1610 кепилдик берүү менен ишкерлерге 4 млрд 62 млн сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

    Финансылык ресурстар өлкөнүн бардык аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

    “Кепилдик фонд” ААКсынын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттар айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өнөр жай жана туризм сыяктуу тармактар бойдон калууда, аларды өнүктүрүүгө 2 млрд 261 млн сомдон ашык – кредиттик каражаттардын 55%ы кепилдик колдоо менен күрөөгө алынган.

    Кредиттик ресурстардын калган бөлүгү 1 млрд 81 млн сом курулушту, туризмди, соода тармакты, транспортту жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүн өнүктүрүүгө жумшалды.


    Читать похожее

    • 18.07.2024, 01:45:01
    • 15.07.2024, 04:05:31
    • 01.02.2024, 22:47:28
    • 27.02.2020, 23:30:02