Akchabarsearch
Источник фото: WWW

Опубликовано

09.12.2022, 04:22

Айыл чарба министрлиги Азербайжанга 100 баш топоз экспорттоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Эске алсак, топоздордорду экспорттоо ушул жылдын 19-20-апрелинде өлкө башчы Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында макулдашылган.

Статистикалык маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-январына карата өлкөдөгү топоздордун жалпы саны 53,9 миң башты түзгөн.

Ошондой эле, 2022-жылы беш топоз чарбасы Айыл чарба министрлигинин асыл тукум чарба статусун ыйгаруу боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерди аттестациялоо жана кайра аттестациялоодон өткөн. Аталган чарбаларда 1543 баш топоз катталган.


Читать похожее