Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.04.2020, 06:30

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев бала бакчалар качан иштей баштай тургандыгы тууралуу айтып берди.

[news 23670]

Маалымат жыйында ага 11-майда жумушка чыга баштасак, бала бакчалар качан иштей баштайт деген суроо берилди.

Анын айтымында, 1, 11 жана 21-майда иштеп баштайт деген ишкана-мекемелерден тышкары, тизмеге кирбеген ишкана-мекемелер, анын ичинде билим берүү мекемелери, бала бакча, мектептер өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери алынгандан кийин иштеп баштайт.

«Ал эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Эгер 1-июнга карата абал турукташса, алар 1-июндан тарта иштей баштайт. Эгерде андан кийин маселелер боло берсе, алар кийинчерээк 10, 15-июнда же июль айында ачылат», - деди ал.


Читать похожее

  • 07.10.2021, 02:30:47
  • 19.08.2021, 05:40:16
  • 26.07.2021, 03:00:07
  • 22.03.2021, 04:30:29