Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

21.02.2022, 11:37

Сузакта бажы кызматкерлери наркы 1 млн сомдон ашуун контрабандалык тамекини кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бажы кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак айылында кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 413 CDI” үлгүсүндө унаа токтотулган.

"Унааны текшерүүдө 14 миң 500 таңгак санда Milano London соода маркасында фильтирлүү акциздик маркасыз тамекилер табылган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 1 млн 160 миң сомду түзөт",- деп айтылат маалыматта.

Бул факт каттоо алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.


Читать похожее

  • 12.04.2022, 23:32:09
  • 17.03.2022, 05:51:23
  • 21.02.2022, 05:37:31