Akchabarsearch
Источник фото: Бажы кызматы

Опубликовано

13.04.2022, 05:32

Бажы кызматкерлери 7,3 млн сомдук акциз маркалары жок тамекини ташыган жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери Ж.К.А., аттуу кыргызстандыктын башкаруусундагы Mercedes-Benz 211 үлгүсүндөгү унааны Ош шаарынан чыгып бара жаткан жеринен токтотушкан.

“Транспорттук каражатты текшерүүдө акциз маркалары жок 1 млн 740 миң даана (14 миң 500 куту, 29 таңгак) болгон Milano London жана Milano New York соода маркасынын филтри менен тамекилер товары табылган. Кармалган жүктүн орточо базар баасы 7 млн 395 миң сомду түздү”,- деп айтылат маалыматта.

Аталган факты каттоого алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.


Читать похожее

  • 12.04.2022, 23:32:09
  • 17.03.2022, 05:51:23
  • 21.02.2022, 05:37:31