Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

22.05.2024, 08:40

Быйыл Кыргызстанда 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, алардын көбү Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Акмактар боюнча алганда:

  • Бишкек шаарынан – 68 окуучу,
  • Чүй облусунан – 20 окуучу,
  • Ош облусунан – 17 окуучу,
  • Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,
  • Баткен облусунан – 9 окуучу,
  • Талас облусунан – 8 окуучу,
  • Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,
  • Нарын облусунан – 6 окуучу,
  • Ош шаарынан – 6 окуучу артыкчылык аттестатын алат.

14-майда Бишкекте жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөн. Өзгөчө үлгүдөгү сертификат алуу үчүн 2 миң 211 бүтүрүүчү ат салышкан.


Читать похожее

  • 04.07.2024, 21:15:50
  • 20.06.2024, 22:32:59
  • 22.05.2024, 02:40:10
  • 13.05.2024, 22:25:06