Опубликовано
14.05.2024, 04:25Кыргызстанда биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө электрондук аттестат тапшырылат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, электрондук аттестат бүтүрүүчүлөргө кагаз документ менен кошо берилет.
Документтин санарип версиясы “Түндүк” порталына киргизилет. Бул документти жоготуп алып калыбына келтирүүдөгү кыйынчылыктарды жокко чыгарат.
Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса дагы болот.