
Опубликовано
05.07.2024, 07:40Бишкекте дээрлик үч миң батирлүү ипотекалык үй курула баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Анын жалпы аянты дээрлик 13 гектарды түзөт.
Тогуз кабаттан турган 51 блок үйдө 2 миң 990 батир болот. Ошондой эле комлексте мектеп, бала бакча, спорт жана балдар аянтчалары, соода дүкөндөрү, унаа токтоочу жана коомдук тамактануучу жайлар каралган.
Үйлөр курулуп бүткөндө “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын шарттарына ылайык 15, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 12 миңден ашык батирлүү көп кабаттуу турак үйлөр курулууда.



