Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

08.01.2021, 04:15

Жарандардын өтүнүчү боюнча, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Өкмөт менен биргеликте айыл чарба жарманкелерин кайрадан улантат.

[news 31202]

2021-жылдагы биринчи жарманке 9-январда Бишкектеги Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат.

Жарандарды колдоо максатында бааларды дүң баада сатуу жарманкенин маанилүү критерийи болуп саналат. Иш-чарага 40 компаниянын катышуусу пландалууда.

«Буга чейинки жарманкелерде тургундардан жакшы жооп алып, кыргызстандыктардын арасында суроо-талапка ээ болду. Эң башкысы ата мекендик дыйкандарыбыз ыраазы болуп, өз продукцияларын сата алышты. Ошондуктан, биз бул тажрыйбаны республиканын бардык аймактарын камтып, бардык жерде улантабыз жана киргизебиз», - деди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев.

Жарманке 9-январь күнү саат 10: 00дө башталып, төмөнкү продукциялардын түрлөрү коюлат:

• Эт азыктары
• Күнкарама майы
• Жумуртка
• Балык
• ун
• Күрүч
• Сүт азыктары
• Колбаса
• Жашылчалар
• мөмө жемиштер
• кургатылган жемиштер
• Суусундуктар ж.б.

Кошумча маалымат алуу үчүн: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0550604060


Читать похожее

  • 21.08.2024, 21:50:11
  • 20.08.2024, 22:46:10
  • 20.08.2024, 03:20:02
  • 19.08.2024, 23:35:09