Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

23.12.2020, 05:50

Евразия өнүктүрүү банкы 2020-жылдын жыйынтыгын алдын ала чыгарды. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

[news 31071]

Банктын азыркы инвестициялык портфели жылдын аягында 4.4 млрд долларга чыгышы күтүлүүдө. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү 2.2% же 93 млн долларды түзгөн.

Белгиленгендей, баланстык портфель жыл аягында 2.9 млрд долларга толтурулушу, ал эми 2019-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу өсүү 2.5%, тагыраагы 73 млн долларга жогору болоору күтүлүүдө.

Андан сырткары, банктын кирешеси жылдын жыйынтыгы менен 29 млн долларды түзүшү мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, 2020-жылы банк тарабынан инвестициялык долбоор боюнча жалпысынан 1.2 млрд долларга 14 долбоор макулдашылган.


Читать похожее

  • 20.03.2024, 22:34:20
  • 14.04.2022, 02:18:22
  • 01.04.2021, 05:10:06
  • 22.12.2020, 23:50:55