Опубликовано
07.04.2021, 03:05Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн насыя каражаттары Кыргызстанга которула элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.
[news 33713]
Маалыматка ылайык, фонддон өткөн жылы Кыргызстанга бөлүнгөн 346.8 млн доллар коронавирус менен күрөшүү үчүн жумшалган.
Белгилей кетсек, фонддон бөлүнгөн насыялар ачык бойдон калууда. Акыркы арыз өткөн жылдын декабрь айында тапшырылган. Ал учурдагы фонддун аткаруучу директору Андрей Широков, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодон кийинкиге жылдырылганын билдирген.