Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

05.04.2021, 11:00

Ысык-Көлдө 31 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

[news 33790]

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан 2 га (жарым арал) аянттагы жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды. Ал жер 2014-жылдын 3-ноябрында Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан 2 га жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө С.К. аттуу жеке адамга убактылуу пайдалануу үчүн мамлекеттик акты берилип кеткен.

2020-жылдын 11-августунда райондук прокуратура тарабынан аталган соттун чечимине карата аппеляциялык сунуш келтирилип, ал толук көлөмдө канааттандырылган.

2021-жылдын 2-мартында орун алган мыйзам бузууну 31 млн сомго бааланган жогорудагы жер тилкени мамлекеттин менчигине кайтаруу менен жоюп, жерди баштапкы абалына келтирүү максатында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына прокурордук талап келтирилген.


Читать похожее

  • 18.08.2024, 22:00:33
  • 04.04.2024, 21:15:42
  • 18.03.2024, 03:35:30
  • 06.03.2022, 23:35:00