Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

12.08.2024, 07:40

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар тобу Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык кармоочу торлордон тазалоону улантууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Белгилеп кетсек, өлкө жетекчилиги тарабынан биосфералык зонадагы экологиялык кырсыктын алдын алуу жана Ысык-Көлдү жана экологияны сактоо боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатат.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдүн түбүн таштандылардан тазалоону улантышууда. Көлдү тазалоо иштери 2023-жылдын 12-мартында Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен башталган. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча суучулдар 22 миң 545 килограмм ар кандай таштандыларды жана 218 миң 100 метр балык уулоочу торлорду алып чыгарышты”, - деп айтылат маалыматта.

Быйыл тазалоо иштеринин натыйжасында Ысык-Көлдөн 40 миң метр балык кармоочу торлор жана 6 тоннага жакын ар кандай таштандылар чогултулган. Учурда мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы деле уланууда.


Читать похожее

  • 12.08.2024, 01:40:20
  • 16.07.2024, 23:31:06
  • 03.07.2024, 03:35:24
  • 27.06.2024, 23:00:49