Опубликовано
18.09.2020, 09:30Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпулду алуунун жол-жоболорун маалымдайт.
[news 28141]
Кайсы үй-бүлө «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун ала алат?
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек?
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат?
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынат:
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт?
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:
– пенсиянын бардык түрлөрү;
– мамлекеттик жөлөкпулдар;
– сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;
– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;
– жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар жана башкалар.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу кандай өлчөмдө дайындалат?
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү 810 сомду түзөт.
Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөкпул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо үчүн кайсы документтер керек?
Эгерде тиешелүү мамлекеттик органдардын маалымат базасында керектүү маалматтар жок болсо, кошумча төмөнкү документтер талап кылынат:
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоого ким кайрыла алат?
Ата-эненин бири (же камкорчу). «Үй-бүлөгө көмөк» бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө, дайындалат, бала 16 жашка чыкканга чейин гана!
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ !!! Эгерде бала толук мамлекеттин камсыздоосунда болсо, анда ага жөлөкпул дайындалбайт.
Дайындалган «үй-бүлөгө көмөк» кайдан төлөнөт?
«Үй-бүлөгө көмөк» банк аркылуу, ал эми банк жок болгон калк отурукташкан пункттарда – почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.