akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: КР Өкмөтү

    Опубликовано

    27.08.2020, 07:10

    Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформанын негизги максатты – ишкерликти колддоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

    [news 27471]

    Өкмөт башчынын айтымында, салыктык процедураларды фискалдаштыруу долбоорунун алкагында бир катар компонеттер киргизилди, алар электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу станциялардагы автоматташтырылган система, электрондук товардык коштомо кагаздар, чекене соода кылуучу жайлардын баарына онлайн контролдук-кассалык машиналар орнотуу компоненттери, патент жана камсыздандыруу полиси бир документке бириктирилип, электрондук форматка өткөрүлдү, бажы тармагында инспекциялык кароо комплекстери орнотулду.

    «Премьепр-министр бүгүнкү күнү фискалдаштыруунун компоненттеринин эсебинен салыктык төлөмдөр өсө башталганын байкоого болорун кошумчалады. Мындан тышкары жыйындын катышуучулары 2020-жылга салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча макулдашылган Жол картасын бекитип беришти», - деп жазылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 18.09.2020, 03:30:34
    • 27.08.2020, 01:10:50
    • 25.03.2020, 00:30:54
    • 14.01.2020, 00:16:43