Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

08.07.2020, 10:30

Казакстандын өкмөтү бюджетти оптималдаштыруу максатында мамлекеттик органдар менен улуттук компанияларга 2023-жылга чейин автоунаа жана эмерек сатып алууга тыюу салды. Бул тууралуу өлкөнүн каржы министри «Фейсбуктагы» расмий баракчасы аркылуу кабарлады.

[news 25910]

2020-жылы жеңил автоунааларды, атайын жана ыкчам-кызматтык транспортторду, ошондой эле аткаминерлер үчүн эмеректерди сатып алууга бөлүнгөн 532,8 миллиард теңге (1,2 миллиард доллар) COVID-19га каршы күрөшүүгө, пандемиянын кесепеттерин жоюуга, бизнести жана жарандарды колдоого жумшалат.

Мындан тышкары 2021-2025-жылдарга карата макроэкономикалык көрсөткүчтөр кайрадан каралып, 2021-2023-жылдар үчүн бюджеттин эсептери да өзгөртүлдү. Каржы министрлиги бул мезгил ичинде дагы 6,4 триллион теңге (15,6 миллиард доллар) үнөмдөө пландалып жатканын билдирди.

Эл аралык валюта фондунун божомолуна ылайык, 2020-жылы Казакстандын экономикасы 2,5% төмөндөп, баалар 1,7% жогорулайт. Мындан тышкары бюджет таңкыстыгы 3%, жумушсуздук 7,8% көбөйөт.


Читать похожее

  • 25.07.2024, 00:37:59
  • 23.07.2024, 05:30:53
  • 23.07.2024, 05:02:32
  • 22.07.2024, 22:20:55