Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

22.10.2019, 03:21

18-октябрга карата «Кепилдик фонду» ААКсынын кепилдиги астында банктар тарабынан бекитилген кредиттердин суммасы 5 млрд 88 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтуусунда, 1 млрд 373 млн сомго 1077 кепилдик берилген.

«Үстүбүздөгү жылдын көрсөткүчтөрү өскөн: 618,5 млн сомго 421 кепилдик берилген. Өнөктөштөр банктар тарабынан бекитилген кредиттердин көлөмү 2 млрд 336 млн сомду түзгөн», - деп билдирди Абакиров.

Ал кошумчалагандай, берилген кепилдиктердин алкагында 1 миң жаңы жумуш орду тузүлгөн, андан тышкары, 3 миң жумушчу орундары колдоого алынган.


Читать похожее

  • 02.08.2024, 03:15:40
  • 17.06.2024, 02:37:56
  • 19.09.2023, 23:50:18
  • 10.02.2021, 22:00:43