Опубликовано
05.10.2023, 11:00Кыргыз-казак чек арасындагы бекеттерде 500дөн ашык фура топтолду.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, 400дөй автоунаа “Ак-Тилек” бекетинде, 120дан ашыгы “Кең-Булуңда”, 50дөн көбү Чалдыбар бекетинде Казакстанга өтө албай кезек күтүүдө.
Тыгындын пайда болушуна ташылып бараткан жүктөрдүн көлөмү көбөйгөнү себеп болгону айтылды. Эки мамлекеттин тең чек ара бекеттери штаттык негизде иштеп жатат.