Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

10.11.2023, 11:36

2022-жылы илимий изилдөөлөргө 791 млн сом бөлүнгөн, каражат бөлүү 2018-жылга салыштырмалуу 19% өскөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022–жылы республикада 69 илимий уюм, анын ичинен жогорку билим берүү секторунун үлүшүнө 33% жана академиялык сектор уюмуна 30% туура келген.

“2022 - жылы академияда илимий ишмердикти 1 миң 235 адам ишке ашырып, алардын ичинен 125 илимдин докторлору жана 280 адам илимдин кандидаттары болушкан. Кызматкерлердин жалпы санынын 52% аялдар түздү”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, былтыр 614 аспиранттар бүтүрүлүп чыгарылган. Алардын эң көп үлүшү медициналык (23%), экономикалык (11%), педагогикалык жана техникалык (10%) илимдин тармактарына туура келген.


Читать похожее

  • 30.05.2024, 00:15:55
  • 10.05.2024, 02:40:32
  • 07.05.2024, 03:35:21
  • 10.11.2023, 05:36:47