Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    14.05.2024, 07:30

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жетекчилиги Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) программасынын миссиясынын өкүлдөрү жана “Айыл Банк” ААК, “РСК Банк” ААК өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, жолугушууда айыл чарба үчүн атайын техникаларды, кайра иштетүүчү ишканалар үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге алуу үчүн Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) каражаттарынан 45 млн доллар инвестициялык насыяны тартуу боюнча долбоор талкууланды.

    Анда долбоорду ишке ашыруу боюнча маселелер, мөөнөттөрү, негизги этаптары, буга чейинки окшош долбоорлорду карап чыгуу, долбоорду ишке ашыруудагы оң жана мүмкүн болуучу терс жактары, жыйынтыктары жана мониторинги талкууланды.


    Читать похожее

    • 21.08.2024, 21:50:11
    • 20.08.2024, 22:46:10
    • 20.08.2024, 03:20:02
    • 19.08.2024, 23:35:09