Опубликовано
27.02.2024, 03:05Кыргызстан ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 79 миллион доллар алат.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети тиешелүү макулдашуунун долбоорун жактырды.
Насыянын мөөнөтү 25 жыл, анын ичинде 7 жыл жеңилдетилген болуп саналат. Жылдык пайыздык чен 1,5 пайыз деп эсептелет.
Каражат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында үйлөрдү курууга жумшалат.