Akchabarsearch
    Источник фото: Кабар

    Опубликовано

    03.12.2019, 06:30

    Кыргызстанда 2019-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба продукцияларынын тышкы соода жүгүртүүсү $660,1 млн түздү. Ал өткөн жылга караганда 17,7%га көбөйгөн. Бул тууралуу «​Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

    Анын айтымында, экспорттук сатуулар 24,9%га көбөйүп, 184,8 млн долларды түзгөн. Ал эми импорттук продукциянын келиши 9,9%га өсүп, 475,4 млн долларды түзгөн.

    «2019-жылдын январь-сентябрь айларында тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциялары 12 млрд 890 млн 300 миң сомго экспорттолгон. Ал былтыркы жылга салыштырмалуу 27,3% өскөн. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы продукцияларынын импорту 33 млрд 162 млн 200 миң сомду түзгөн. Ал 2018-жылга караганда 9,9%га көп», - деди ал.

    Экспорт бөлүмүнүн башчысы Нурмамат Муллакелдиев белгилегендей, жашылча, жемиш, сүт, эт азыктары 6 млрд сомго экспорттолгон. Алар негизинен Түркия, Казакстан, Россия жана Украинага жөнөтүлгөн.


    Читать похожее

    • 21.08.2024, 21:50:11
    • 20.08.2024, 22:46:10
    • 20.08.2024, 03:20:02
    • 19.08.2024, 23:35:09