akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    28.01.2021, 04:20

    Кыргызстандын экономика министри автоунааларды каттоо жол-жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

    [news 31060]

    Министрлик бул демилгени өлкөдө катализатору жок унаалардын саны көбөйүп жаткандыгы менен байланыштырды. Бул абанны булганышына дагы алып келет. Мындай кырдаалга каршы күрөшүү үчүн министрлик катализатору жок автоунааларды каттоодон өткөрбөөнү сунуштоодо.

    Азыр кыргызстандыктар транспорттун техникалык кароосунан ыктыярдуу түрдө өтүшөт, бул коммерциялык ишмердүүлүк үчүн гана милдеттүү. Эгер демилге колдоо тапса, анда техникалык текшерүүдөн милдеттүү түрдө өтүү керек болуп калат. Экономика министрлиги милдеттүү техникалык кароону киргизүү эч кандай терс экономикалык жана социалдык кесепеттерге алып келбейт деп ишендирүүдө.


    Читать похожее

    • 25.07.2024, 00:37:59
    • 23.07.2024, 05:30:53
    • 23.07.2024, 05:02:32
    • 22.07.2024, 22:20:55