Опубликовано
13.10.2023, 08:55Учурда өлкөдө пенсияга чыккандардын 54%ын мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыккандар түзөт. Жакында Жогорку Кеңеште мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну жоюу боюнча мыйзам долбоору талкууланат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Азаттыка” курган маегинде билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыккан жарандар көп. Бул Социалдык фондго оорчулук келтирүүдө. Аталган жарандардын пенсиясы да азыраак болууда.
Кыргызстанда аялдар 55 жашта, ал эми эркектер 60 жаштан пенсияга чыгышат.