Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    02.10.2023, 05:21

    Кыргызстанда пенсия курактагы жарандардын саны беш жыл ичинде 117 миң адамга, же 23%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетине таянып “Reporter.kg” маалымат агенттиги жазды.

    Өлкөдө карылардын санынын өсүшү 1950-1960-жылдары төрөлгөн муундун пенсия курагына өтүшү менен байланыштуу.

    “2023-жылдын башында Кыргызстанда 627 миң же калктын жалпы санынын 9 пайызын пенсионерлер түзгөн. Өлкөдөгү эркектердин 5,7 пайызы, аялдардын 12,1 пайызы аялдар”, - деп айтылат маалыматта.

    Мындан тышкары, 65 жаштан өткөн жарандардын саны 378,1 миң, же 5,4%ды түзөт. Муну менен Кыргызстан карылыктын босогосунда турат. БУУнун божомолу боюнча Кыргызстанда 2030-жылга карата 65 жана андан улуу жаштагы улгайган адамдардын саны 7%га жакындайт.

    "БУУнун курактык классификациясына ылайык, эгерде калктын жалпы санында 65 жаш жана андан улуу курактагы адамдардын үлүшү 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет, эгерде 4 пайыздан 7 пайызга чейинки интервалда болсо — калк карылыктын босогосунда турат, эгерде 7 пайыздан жогору болсо — улгайган калк деп эсептелет".


    Читать похожее

    • 26.03.2024, 02:35:57
    • 13.10.2023, 02:55:40
    • 01.10.2023, 23:21:09
    • 01.10.2020, 00:40:24