Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

03.07.2024, 10:35

Кыргызстанда сүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Тарифтик графиктеги баалар – аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша иштелип чыгып, Монополияга каршы кызмат тарап менен макулдашылган.

Таблица сүттү сатып алган ар бир заводго орнотулат жана алып-сатуу ошонун чеги менен жүргүзүлөт.

Эгерде сүттүн майлуулугу 3,4% болсо, завод кабыл ала турган баа 35 сомду түзөт. Анда ортомчулар калктан сүттү 30 сомдон алууга милдеттүү болот. Калган нарк сүттүн майлуулугуна карап плюс-минус болот.


Читать похожее

  • 21.08.2024, 21:50:11
  • 20.08.2024, 22:46:10
  • 20.08.2024, 03:20:02
  • 19.08.2024, 23:35:09