Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

01.03.2024, 09:23

2023-жылдын декабрь айында Кыргызстан Орусияга жаңы жеңил унааларды экспорттоо (реэкспорт) боюнча Кытайдан кийинки 2-орунду ээлеген. Бул тууралуу Орусиянын “Автостат” аналитикалык агенттигинин эксперттери белгилейт.

Маалыматка ылайык, Кытай импорттун жалпы көлөмүнүн 80%ын түзсө, Кыргызстан 8%ды түзгөн.

Белгилеп кетсек, экспорттун кескин секирүүсү так 2023-жылы байкалып, Кыргызстандан чет өлкөгө жөнөтүлгөн унаалардын саны 8,7 миңге чейин көбөйгөн.

Натыйжада, 2023-жылы ата мекендик экспортчулар автоунааларды жеткирүүдө (реэкспорт) 69,6 млн доллар пайда тапкан.


Читать похожее

  • 25.07.2024, 00:37:59
  • 23.07.2024, 05:30:53
  • 23.07.2024, 05:02:32
  • 22.07.2024, 22:20:55