Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    18.07.2024, 10:13

    18-22-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

    Сел жана таш кулоого кооптуу тилкелер:

    • Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдар аралыгы;
    • Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдар аралыгы;
    • Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдар аралыгы;
    • Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдар аралыгы;
    • Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдар аралыгы;
    • Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдар аралыгы;
    • Мырзаке–Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымдар аралыгы;
    • Кербен–Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымдар аралыгы.

    Читать похожее

    • 20.08.2024, 21:40:15
    • 19.08.2024, 23:55:07
    • 19.08.2024, 22:45:57
    • 18.08.2024, 23:10:31